Биздин окуялар

Подробнее

Жумуш

Подробнее

Өтүнмөлөрдүн үлгүсү

Подробнее

Баанын чогултуу

Подробнее

Жаңылыктар

  • Имараттардагы суу түтүгү жана канализация ченемдери боюнча жыйын өттү
    Имараттардагы суу түтүгү жана канализация ченемдери боюнча жыйын өттү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жыйындар залында “Имараттардын ички суу түтүгү жана канализациясы” курулуш ченемдерин кароо боюнча жыйын өттү. Жыйында министрликтин 2025-жылдын 10-февралындагы №87 ЧУА буйругу менен бекитилген СН КР 40-04:2025 “Имараттардын ички суу түтүгү жана канализациясы” деп аталган ченемдик документтин алкагында суунун салыштырма чыгымы боюнча маселелер көтөрүлүп, талкууланды.Алар:-ишке ашырууга кызыктар уюмдардын сунуштары;-курулуш ченемдерин өзгөртүүгө байланыштуу маселелер;-суу пайдалануу…
  • “Ош Сити” соода борборунун курулушу боюнча жаңы жол картасы иштелип чыгат
    “Ош Сити” соода борборунун курулушу боюнча жаңы жол картасы иштелип чыгат Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун жыйындар залында техникалык кеңешме өттү. Кеңешмеге институттун директору Канат Канболотов жана “Бизнес Хаус КЖ”, “Morphosis & Phoenix Architect” ЖЧКларынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө “Ош-Сити” долбоорунун алкагында курулуп жаткан IT-шаарчанын аймагындагы “Ош Сити” соода борборунун имаратынын пайдубалын жана каркасын долбоорлоодо арматуранын бириккен жерлеринде колдонулган жаңы технологиялык ыкмалар талкууланды. Ошондой эле пайда болгон техникалык маселелерди…
  • Ош: Эски пахта заводдун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
    Ош: Эски пахта заводдун имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Ош облусунун Араван районуна караштуу Достук айыл өкмөтүнүн Араван айылындагы мурунку пахта заводдун имараттарына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү эскилиги жеткен имараттардын учурдагы техникалык абалын баалоо максатында уюштурулду. Адистер объекттин техникалык документтерин карап чыгып, имараттардын конструкциялык абалын изилдеп, мүмкүн болгон кемчиликтерге талдоо жүргүздү. Аймактын жалпы аянты 10,84 гектарды түзөт. Текшерүүнүн жыйынтыгында институт тарабынан…
  • Ош: Присавай айылындагы мектеп имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү
    Ош: Присавай айылындагы мектеп имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Присавай айылындагы мектептин имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү көп жыл мурда салынган №128 Тентибай Кадырбаев атындагы орто мектептин имаратынын бүгүнкү күндөгү техникалык абалын баалоо максатында уюштурулду. Адистер объекттин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, анын конструкциялык схемасын жана учурдагы абалын изилдеди. Ошондой эле тиешелүү чиймелер түзүлүп, мүмкүн…
  • Бишкек: Бийик имараттарды курууда заманбап конструкциялык технологиялар колдонулууда
    Бишкек: Бийик имараттарды курууда заманбап конструкциялык технологиялар колдонулууда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов институттун адистери менен биргеликте Бишкек шаарындагы бийик категориядагы көп кабаттуу курулуш объектилеринде колдонулуп жаткан заманбап технологиялар менен таанышты. Иш-чаранын алкагында адистер курулуш иштеринин жүрүшү, инженердик жана конструкциялык чечимдер, ошондой эле объектинин техникалык коопсуздугун камсыздоого багытталган ыкмалар менен таанышты. Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай - акыркы мезгилде бийик имараттарды курууда вертикалдык көтөрүүчү…
  • Бир ай ичинде 73 объектинин техникалык корутундусу берилди
    Бир ай ичинде 73 объектинин техникалык корутундусу берилди Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан февраль айында республика аймагында жайгашкан 73 курулуш объектисине техникалык корутундулар даярдалып, тиешелүү тартипте берилди. Бул корутундулар курулуш объектилеринин жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо негизги роль ойнойт. Институттун адистери тарабынан жүргүзүлгөн техникалык кароолор жана эсептик талдоолор ар кандай багыттагы объектилерди, анын ичинде турак жай имараттарын, коомдук…
  • Өлкөдөгү абалы начар мектептер боюнча техникалык текшерүү жүргүзүлүүдө
    Өлкөдөгү абалы начар мектептер боюнча техникалык текшерүү жүргүзүлүүдө Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин министри Нурдан Орунтаевдин тапшырмасына ылайык, республика аймагындагы техникалык абалы канааттандырарлык эмес мектеп имараттарын аныктоо жана алардын учурдагы абалын баалоо максатында текшерүү иштери жүргүзүлүүдө. Иш-чаранын алкагында министрлик тарабынан ведомстволор аралык атайын комиссия түзүлүп, аны министрликке караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту жетектөөдө. Анын курамына Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, ошондой эле жергиликтүү өз…
  • Бир ай ичинде 62 объектиге техникалык корутунду берилди
    Бир ай ичинде 62 объектиге техникалык корутунду берилди Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту тарабынан 2026-жылдын январь айында республика боюнча 62 курулуш объектисине Техникалык корутундулар берилди. Бул корутундулар имараттардын жана курулуштардын жер титирөөгө туруктуулугун, долбоордук чечимдердин коопсуздук талаптарына жооп берерин жана техникалык стандарттарга шайкештигин аныктоодо негизги роль ойнойт. Институт тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр ар кандай типтеги имараттарды жана социалдык инфратүзүмдүк объектилерди камтыды. Белгилей кетсек, техникалык корутундулар инженерлер тарабынан учурдагы имараттардын…
  • Инженердик изилдөө үчүн заманбап жабдуулар практикадан өткөрүлдү
    Инженердик изилдөө үчүн заманбап жабдуулар практикадан өткөрүлдү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институту геодезия жана картография тармагындагы “Тюменгеотехальянс” ЖЧКсы менен түзүлгөн келишимдин негизинде изилдөө иштери үчүн жаңы заманбап жабдуулар көрсөтүлдү. Белгилей кетсек, “Тюменгеотехальянс” ЖЧКсы - Россия Федерациясында катталган геотехникалык картографиялык жана инженердик-изилдөө кызматтарын көрсөтүүчү компания. Иш-чаранын алкагында аталган компания тарабынан иштеп чыккан “Велосиметр” жана “Сейсмикалык регистратор Байкал 7” жабдуулары тааныштырылды. Ошондой эле институттун адистери жабдууларды бир…
  • Институт “Бишкек Арена” стадионунун курулуш иштери менен таанышты
    Институт “Бишкек Арена” стадионунун курулуш иштери менен таанышты Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун директору Канат Канболотов институттун кызматкерлери менен биргеликте “Бишкек Арена” улуттук футбол стадионундагы курулуш конструкцияларынын иши менен жеринен таанышып чыкты. Долбоорлоо жана курулуш иштерине чет өлкөлүк компаниялар да катышып жаткандыктан, институттун адистери стадиондун курулушунда колдонулуп жаткан инженердик жана конструктивдик чечимдерге, ошондой эле бул спорттук объектти тургузууда пайдаланылып жаткан заманбап технологияларга көңүл бурушту. Белгилей кетсек,…
  • Ош: Кара-Дыйкан айылындагы мектепке инженердик текшерүү жүргүзүлдү
    Ош: Кара-Дыйкан айылындагы мектепке инженердик текшерүү жүргүзүлдү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кара-Дыйкан айылындагы орто мектептин имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү Жазы айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде Т. Ташмаматов атындагы орто мектептин эки кабаттуу имаратынын учурдагы техникалык абалын аныктоо максатында жүргүзүлдү. Адистер тарабынан долбоордук жана техникалык документтерди каралып, имараттын абалы изилденди. Ошондой эле имараттын негизги конструкциялары текшерилип, керектүү…
  • Ош: Кызыл-Тоо орто мектебине инженердик текшерүү жүргүзүлдү
    Ош: Кызыл-Тоо орто мектебине инженердик текшерүү жүргүзүлдү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Ош облусунун Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо айылындагы орто мектептин имаратына инженердик текшерүү жүргүзүлдү. Текшерүү Жазы айыл өкмөтүнүн кайрылуусунун негизинде Кызыл-Тоо орто мектебинин имаратынын учурдагы техникалык абалын аныктоо максатында жүргүзүлдү. Адистер долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып имараттын абалын изилдеди. Ошондой эле имараттын негизги конструкциялары каралып, керектүү чиймелер түзүлдү. Жыйынтыгында институт…
  • Асма желдетилүүчү фасаддык системалар боюнча жыйын өттү
    Асма желдетилүүчү фасаддык системалар боюнча жыйын өттү Кыргы Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунда КР КЭ 53-101:2025 “Асма желдетилүүчү фасаддык системалар. Долбоорлоо жана иш жүргүзүү эрежелери” ченемдик документин өзгөртүүнүн алкагында жолугушуу болуп өттү. Жолугушууга институттун директору Канат Канболотов, Кыргыз Республикасынын Куручуулар союзунун төрөгасы Чолпонбек Акматов, “Авангард стиль” ЖЧКсынын өкүлдөрү, ошондой эле асма желдетүү фасаддык системалар тармагында иш алып барган компаниялардын өкүлдөрү катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө КР КЭ 53-101:2025…
  • Жалал-Абад: Саркынды сууну тазалоочу курулмага инженердик текшерүү жүргүзүлдү
    Жалал-Абад: Саркынды сууну тазалоочу курулмага инженердик текшерүү жүргүзүлдү Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Жер титирөөгө туруктуу курулуш жана инженердик долбоорлоо мамлекеттик институтунун Түштүк башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад облусунун Барпы Айылында жайгашкан саркынды сууну тазалоочу курулма жана ичүүчү суу сактагыч объектисине карата инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Адистер объектинин долбоордук жана техникалык документтерин карап чыгып, курулуш конструкцияларынын учурдагы абалын толук текшеришти. Ошондой эле тиешелүү чиймелер түзүлүп, объекттин конструкцияларына инженердик талдоо жүргүзүлдү. Аталган объектилер “Бест Хаус Гранд” ЖЧКсына таандык. Текшерүүнүн…
  • Институттун кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды
    Институттун кызматкерлерине ведомстволук сыйлыктар тапшырылды Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев министрликтин бир катар кызматкерлерине 2025-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча ак ниет, жоопкерчиликтүү жана үзүрлүү эмгеги үчүн ведомстволук сыйлыктарды жана төш белгилерди тапшырды. Иш-чаранын жүрүшүндө институтубуздун кызматкерлери да татыктуу сыйлыктарга ээ болушту. Тактап айтканда, Курулуш министрлигинин Ардак грамотасы менен институтубуздун башкы адистери Абылкасым Исмаилов жана Гулнур Абдыраимова сыйланды. “Ак ниет кызматы үчүн” төш белгиси Райкүл Дөөлөтбаевага тапшырылды. Ал эми Кыргыз Республикасынын “Ардак куруучу”…

БИЗДИН ПАРТНЕРЛОР

KAZNIISA.KZ

«Казахский научно-исследовательский и проектно-экспериментальный институт сейсмостойкого строительства и архитектуры»

CNIIPMINSTROY.RU

ФГБУ«ЦНИИП Минстроя России»

TSNIISK.RU

ЦНИИСК им. В. А. Кучеренко

IAEEE.KG

Международная Ассоциация экспертов по сейсмостойкому строительству

INTUIT.KG

Международный Университет Инновационных Технологий

ENU.kz

ЕВРАЗИЙСКИЙ НАЦИОНАЛЬНЫЙ УНИВЕРСИТЕТ ИМЕНИ Л.Н. ГУМИЛЕВА

KSUCTA.KG

Кыргызский государственный университет строительства, транспорта и архитектуры им.Н.Исанова

KRSU.EDU.KG

Кыргызско-Российский Славянский университет им. Б.Н. Ельцина

GARANTPROJECT.KG

ОсОО «Гарант проект»

Gpi.kg

ГПИ КР

RCSS.Gov.kg

Стройсертификация КР

Gosexpertiza.Gov.Kg

Департамент Гос Экспертизы

karkas.kg

Karkas KG

BISHKEKKURULUSH.KG

АО Производственно-строительная фирма «Бишкеккурулуш»